Социалдык тармактагы видео боюнча мыйзам чегинде чара көрүлдү
21-июль 2026, 16:47
Социалдык тармактагы видео боюнча мыйзам чегинде чара көрүлдү.
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы социалдык тармактарга жүргүзгөн мониторинги учурунда Instagram социалдык тармагындагы «жоомартов» баракчасына жарыяланган жайытты унаа менен тебелеп, жаратылышка зыян келтирген видео боюнча тиешелүү текшерүү иштерин жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында окуя Соң-Көлдө болгондугу аныкталып, мыйзам бузууга жол берген айдоочунун өздүгү такталды. Аталган жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик айып пул салынып, мындан ары мындай мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Табиятты коргоо – ар бирибиздин милдетибиз. Экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо жаратылышты келечек муундар үчүн сактап калуунун негизги шарты болуп саналат.