Петровка айылындагы кара түтүн боюнча тиешелүү тарап жоопкерчиликке тартылды

Чүй өрөөнү
Петровка айылындагы кара түтүн боюнча тиешелүү тарап жоопкерчиликке тартылды

Социалдык тармактарда Москва районундагы Петровка айылында кара түтүн чыгып жатканы тууралуу жарыяланган маалыматтарга байланыштуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы текшерүү иштерин жүргүзүштү.

Белгилүү болгондой, № 8 түзөтүү мекемесинин аймагында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу «Келечек» мамлекеттик ишканасы менен «Асман Кирпич» ишканасынын катышуусунда инвестициялык долбоордун алкагында кирпич заводунун курулушу жүрүп жатат.

«Келечек» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарынын маалыматына ылайык, курулуп жаткан меш заманбап технологиялар менен жабдылып, атмосферага чыккан зыяндуу заттарды тазалоочу фильтрация системасы каралган. Фильтрлердин иштөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү максатында жабдуулар сыноо иретинде ишке киргизилген.

Алгачкы ишке киргизүү учурунда, керектүү жөнгө салуу иштери толук аяктай электе, кыска убакытка кара түтүн байкалган. Ишкананын өкүлүнүн түшүндүрмөсүнө ылайык, бул процесс социалдык тармактарда жазылгандай эки күн эмес, болжол менен 20 мүнөткө созулган. Жабдууларды жөнгө салуу иштери жүргүзүлгөндөн кийин кара түтүн чыгуу токтогон.

Бул факты боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан «Асман Кирпич» ЖЧКсына карата административдик укук бузуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык чара көрүлүп, 28 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Чүй регионалдык башкармалыгы жумуш орундарын түзүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен жүргүзүлүшү керектигин белгилейт.