Бостеридеги “Колесо обозрения” аттракционундагы кооптуу абал боюнча комиссия иш алып барды

Ысык-Көл өрөөнү
Бостеридеги “Колесо обозрения” аттракционундагы кооптуу абал боюнча комиссия иш алып барды

2025-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын инспекторлору 28-июлда интернет булактарына жарыяланган Бостери айылында жайгашкан “Колесо обозрения” аттракционунда кооптуу абал жаралгандыгы тууралуу маалымат боюнча тиешелүү чараларды көрүштү.


Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан атайын комиссия түзүлүп, аттракцион жайгашкан жерге барып текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, аттракцион ээсине төмөнкү талаптар коюлду:


Аттракциондо кооптуу абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн тийиштүү адистештирилген мекемеден техникалык корутунду алуу;


Кооптуу абалдын кайталанбашы үчүн аттракционду атайын адистери бар уюмдар тарабынан толук техникалык кароодон өткөрүп, тиешелүү корутунду алуу;


Жогорудагы талаптар толук аткарылганга чейин аттракционду иштетүүгө тыюу салынды.


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коомчулукту коопсуздук эрежелерин сактоого жана мындай учурларда ыйгарым укуктуу органдарга дароо кабарлоого чакырат.