Интернет булактарында жарыяланган Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы лыжа базасынын асма жолунда электр энергиясынын өчүшүнө байланыштуу маалымат боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлдү
09-июль 2026, 09:19
Чүй өрөөнү
Интернет булактарында жарыяланган Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы лыжа базасынын асма жолунда электр энергиясынын өчүшүнө байланыштуу маалымат боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында электр энергиясы өчкөн учурда резервдик дизелдик генератор ишке киргенге чейин асма жолдун иши убактылуу токтотулганы аныкталды.
Аталган факты боюнча «Энтузиаст» ЖЧКсына 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, коопсуздук талаптарын сактоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.