Экология тармагындагы адистер жаңы санариптик инструменттерди колдонуу менен окуудан өтүшөт
12-июнь 2026, 13:52
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин демилгеси менен регионалдык башкармалыктардын адистери үчүн алгачкы жолу квалификацияны жогорулатуу боюнча масштабдуу окуу семинар башталды.
Иш-чаранын негизги максаты — аймактардагы адистердин кесиптик тажрыйбасын арттыруу, экологиялык көзөмөлдү санариптештирүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо системасына заманбап башкаруу ыкмаларын киргизүү болуп саналат.
Семинардын алкагында катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча билимин жогорулатышат:
-Мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнү уюштуруу;
-Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү аныктоо тартиби жана атмосферага (туруктуу жана көчмө булактардан), агынды сууларга, калдыктарга байланыштуу төлөмдөрдү эсептөө;
-Калдыктар жана саркынды суулар боюнча ченемдик укуктук актыларды талкуулоо;
-Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдөрдү аныктоо методикасынын жаңы долбоорун карап чыгуу;
-Автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу, электрондук төлөмдөрдү жүргүзүү жана маалыматтык коопсуздук;
-Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга уруксат берүү тартиби.
Окутуу теория менен практиканы айкалыштырат. Катышуучулар күн сайын реалдуу кейстердин негизинде иштеп, жаңы санариптик инструменттерди колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрүн бекемдешет.
Министрлик тарабынан уюштурулган иш-чара аймактардагы экологиялык көзөмөлдүн сапатын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган. Семинардын жыйынтыгында адистер өлкөдөгү экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга көмөк көрсөтө турган заманбап билимдерге ээ болушат.