2026-жылдын 8 айдын жыйынтыгы боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тийиштүү кызматтары тарабынан жалпы 206 рейд өткөрүлүп, суу объектилеринен 101 250 метр синтетикалык тор жана 1910 кг таштанды чыгарылды.

Чүй өрөөнү

Анын ичинен:

-Ысык-Көлдө – 102 рейд өткөрүлүп, 40 200 метр синтетикалык тор жана 940 кг таштанды чыгарылган. 

-Токтогул суу сактагычында – 60 рейд өткөрүлүп, 42 250 метр синтетикалык тор жана 670 кг таштандыдан тазаланган.  

-Соң-Көлдө – 24 рейд өткөрүлүп, 15 050 метр синтетикалык тор чыгарылды. 

-Орто-Токой суу сактагычында – 200 метр синтетикалык тор алынган. 

-Киров суу сактагычында – 20 рейд өткөрүлүп, 3550 метр синтетикалык тор жана 300 кг таштанды чыгарылган.