2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жалпы 160 рейд өткөрүлүп, суу объектилеринен 86 550 метр синтетикалык тор жана 1 655 кг таштанды чыгарылды. Ошондой эле 953 сом өлчөмүндө доо коюлуп, 320 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынган
06-июль 2026, 10:26
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жалпы 160 рейд өткөрүлүп, суу объектилеринен 86 550 метр синтетикалык тор жана 1 655 кг таштанды чыгарылды. Ошондой эле 953 сом өлчөмүндө доо коюлуп, 320 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынган.
Анын ичинде:
-Ысык-Көлдө – 79 рейд өткөрүлүп, 34 600 метр синтетикалык тор жана 905 кг таштанды чыгарылды. 13 факты боюнча 869 761 сом өлчөмүндө доо коюлуп, 18 факты боюнча 106 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.
-Токтогул суу сактагычында – 51 рейд өткөрүлүп, 26 300 метр синтетикалык тор жана 500 кг таштанды чыгарылды. 78 077 сом өлчөмүндө доо коюлуп, 31 факты боюнча 205 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.
-Токтогул суу сактагычы борбордук аппарат – 14200 метр тор чыгарылды.
-Соң-Көлдө – 18 рейд өткөрүлүп, 8 800 метр синтетикалык тор чыгарылды.
-Орто-Токой суу сактагычында – 200 метр синтетикалык тор чыгарылды.
-Киров суу сактагычында – 12 рейд өткөрүлүп, 2 450 метр синтетикалык тор жана 250 кг таштанды чыгарылды. 1 факты боюнча 5 500 сом өлчөмүндө доо коюлуп, 9 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.