Текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн “Даймонт Ресорт” пансионатынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

Ысык-Көл өрөөнү
Текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн “Даймонт Ресорт” пансионатынын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын экологиялык көзөмөл бөлүмү тарабынан “Даймонт Ресорт” ЖЧКсына карата жүргүзүлгөн пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкү фактылар аныкталды:


Пансионаттын батыш тарабында тереңдиги 3 метр, узундугу 20 метр жана туурасы 4 метр болгон, жалпы аянты 80 чарчы метрди түзгөн чуңкур казылган. Чуңкур темир конструкция менен жабылган жана саркынды сууларды чогултуу үчүн колдонулат. Бирок ал бетон менен жабылбагандыктан жана герметикалык эмес болгондуктан, айлана-чөйрөгө кооптуу. Ошондой эле канализация системасынын түтүктөрү да герметикалык эмес болуп, саркынды суулар жерге сиңип жатат.


Объекттин аймагында курулуш иштери жүрүп, курулуш калдыктары жана тиричилик таштандылары атайын уруксат берилбеген жерлерге топтолууда. Алардын өрттөлгөн фактылары да тастыкталды.


Текшерүү учурунда Экологиялык мониторинг департаменти тарабынан саркынды суулардын жана топурактын үлгүлөрү алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.


Аныкталган мыйзам бузуу фактылары боюнча эки протокол түзүлүп, жалпысынан 44 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.


Бузуулар жоюлганга чейин “Даймонт Ресорт” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу кат тийиштүү кызмат тарабынан жөнөтүлдү.