Чүй облусунда рейддин жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда рейддин жыйынтыгында 102 миң сом айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын талаптарынын сакталышын текшерүү максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында жалпы 9 административдик протокол түзүлүп, 102 миң сом айып пул салынды.

Рейд Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп, автоунаалардан чыккан зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерден ашуусу боюнча мыйзам бузуулар аныкталды. Бул фактылар боюнча 7 административдик протокол түзүлүп, жалпы 68 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, Узун-Кыр жана Жайылма айыл өкмөттөрүнүн аймагында таштандыларга байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталды. Аталган фактылар боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, ар бирине 17 миң сомдон, жалпы 34 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле, жооптуу тараптарга таштандыларды тез арада тазалоо жана аймактарды таза, ирээттүү кармоо боюнча милдеттүү эскертмелер берилди.


Бул иш-чаралар Бишкек экологиялык прокуратурасынын сунуштамасынын алкагында жана атмосфералык абаны коргоо боюнча мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.