Жарандардын кайрылуулары боюнча экологиялык талаптарды бузган ишканаларга текшерүү жүргүзүлүүдө

Чүй өрөөнү
Жарандардын кайрылуулары боюнча экологиялык талаптарды бузган ишканаларга текшерүү жүргүзүлүүдө

Чүй облустук Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында жайгашкан «Веролит» ЖЧКсына таш майдалоочу цехти пландан тышкары текшеришти. Текшерүү жергиликтүү тургундун айлана-чөйрөнүн абалына тынчсыздануусун билдирген кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн.


Текшерүү учурунда төмөнкү экологиялык талаптарды бузуу фактылары аныкталды:

    •    экологиялык талаптардын сакталышы камсыздалган эмес;

    •    атмосферага булганыч заттарды чыгарууга зарыл уруксаттар жок болгон.


Бул мыйзам бузуулар аймактын экологиялык коопсуздугуна коркунуч жаратып, тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылды. Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренесине ылайык, административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 28 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле  цехтин иши аныкталган кемчиликтер толук оңдолгонго чейин убактылуу токтотулду.


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл буруп, экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу максатында үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.


Министрлик жарандарды айлана-чөйрөнү коргоого активдүү катышып жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, экологиялык бузулуулар боюнча бардык учурларды 108 ишеним телефону аркылуу кабарлоого чакырат.