Пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгында “Дем” спорттук-ден соолук комплексине карата чара көрүлдү

Чүй өрөөнү
Пландан тышкаркы текшерүүнүн жыйынтыгында “Дем” спорттук-ден соолук комплексине карата чара көрүлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы жарандардын кайрылуусунун негизинде “Дем” спорттук-ден соолук комплекси боюнча  пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө комплекстин отказанында чаң газ тазалоочу орнотмо жоктугу аныкталды 

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 230-беренесине ылайык протокол түзүлүп, мекемеге 28 000 (жыйырма сегиз миң) сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Ошондой эле катуу отун менен иштеген отказан) толугу менен токтотулуп, комплекстин суу жылытуу системасы электр энергиясына өткөрүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандардын ден соолугун жана коопсуз жашоо чөйрөсүн камсыздоо багытында ишин мындан ары да улантат.