Кеминдеги санитардык полигондун курулушу боюнча

Чүй өрөөнү
Кеминдеги санитардык полигондун курулушу боюнча

Министрлик Корея Республикасынын Климат, энергетика жана айлана-чөйрө министрлигине караштуу MYC Inc. (Make YourClimate) компаниясы менен кызматташтык алкагында 12–17-ноябрь күндөрү кореялык делегация менен алгачкы жолугушуусун өткөрдү.

Корея тараптан гранттык колдоону тартуу максатында Чүй облусунун Кемин шаарында санитардык полигон куруу мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча биргелешкен изилдөө жүргүзүлдү. Алгачкы техникалык-экономикалык негиздеме даярдалды.

«Кыргызстандын Чүй облусунда санитардык полигон куруу долбоору» деп аталган пландалган долбоордун максаты — таштандыны көмүү/жигердөө/сорттоо иштерин интеграциялаган калдыктарды башкаруунун бирдиктүү системасын түзүү. Бул акыркы көмүлө турган таштанды көлөмүн азайтып, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди минималдаштырууга багытталган.

MYC Inc. компаниясы, аткаруучу агенттик К-eco корпорациясы жана башкаруучу уюм KEITI менен кызматташтык мындан ары да улантылат.