Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулованын жетекчилигинде Ысык-Көл биосфералык аймагын зоналаштыруу жана укуктук базаны жакшыртуу боюнча жумушчу жыйын өттү
06-июль 2026, 12:31
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулованын жетекчилигинде Ысык-Көл биосфералык аймагын зоналаштыруу жана укуктук базаны жакшыртуу боюнча жумушчу жыйын өттү.
Жолугушууга ӨКМдин Токой кызматынын, Жер ресурстары агенттигине караштуу «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасынын, Улуттук Илимдер Академиясынын Биология институтунун кызматкерлери жана министрликтин түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө зоналаштыруу жумуштарынын маанилүүлүгү, аткаруу мөөнөттөрү жана сапаты талкууланды. Ошондой эле эл аралык ченемдер менен улуттук мыйзамдардын ортосундагы айырмачылыктар каралып, корголуучу аймактын макамын сактоо үчүн колдонуудагы укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы белгиленди.
Иш-чаранын жыйынтыгында:
1. «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик ишканасы биосфералык аймакты зоналаштыруу жумуштарын тездетүү милдеттенмесин алды.
2. Мыйзам актыларын иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча министрликтин түзүмдүк бөлүнүштөрүнө конкреттүү тапшырмалар берилди.
Бул багыттагы кадамдар көлдүн экосистемасын коргоо жана аймакты туруктуу өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ.