“Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында экологиялык жана социалдык чөйрөнү башкаруу пландары даярдалды
07-октябрь 2025, 10:56
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда түзүлгөн каржылоо жөнүндө Келишимдин (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоору) алкагында каржыланууда. Аталган Кредиттик Келишим (№7434-KG) 2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлуп, 2024-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын №85 Мыйзамы менен ратификацияланган.
Долбоордун негизги өнүктүрүү максаты: i) өлкөдөгү абанын сапатын башкаруу системасын чыңдоо жана ii) Бишкек шаарында PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн жана парник газдарынын (СО2) эмиссияларын кыскартуу.
Компонент 1 «Абанын сапатын башкаруу системасын чыңдоо» алкагында төмөнкү экологиялык жана социалдык чөйрөнү башкаруу пландары даярдалган (мындан ары-ЭСЧБП): (1) атмосфералык абанын сапатын автоматтык станциялар аркылуу мониторинг жүргүзүү жана (2) атмосфералык абанын сапатын кол менен/жарым автоматтык станциялар аркылуу мониторинг жүргүзүү.
ЭСЧБП долбоордун экологиялык жана социалдык туруктуулугун камсыз кылуучу негизги инструменти болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Дүйнөлүк банктын талаптарына ылайык даярдалган.
Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү сиздерден ушул документтер менен таанышып чыгууну суранат. Учурда долбоордун алкагында жарандар жана кызыкдар тараптар ЭСЧБП боюнча өз ой-пикирлерин жөнөтө ала турган кайтарым байланыш каналдары түзүлгөн:
- электрондук почта аркылуу – airqualityproject@gmail.com
- почта аркылуу – Бишкек ш., Эркиндик бульвары 2. ДИАБ кеңсеси №118.
- мобилдик телефон аркылуу – 0558481858.
ЭСЧБП документтери менен төмөнкү ссылка аркылуу таанышсанар болот: