KOICAнын колдоосу менен Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу долбоору ишке кирди

Чүй өрөөнү
KOICAнын колдоосу менен Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу долбоору ишке кирди

KOICAнын колдоосу менен Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу долбоору ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорун расмий түрдө ишке киргизди.

Бул долбоор 2028-жылга чейин уланат жана жалпы бюджети 10 миллион АКШ долларын түзөт. Инициатива алкагында төмөнкү иш-чаралар каралган:
    •    Бишкек шаарында булгануунун булагына жараша абага бөлүнгөн зыяндуу заттарды кыскартуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
    •    2028–2038-жылдарга карата Абанын сапатын башкаруунун комплекстүү планын иштеп чыгуу;
    •    Чүй облусундагы мектептер менен балдар бакчаларына жылуулук насосторун пилоттук негизде орнотуу.

Долбоор боюнча жалпы 30 билим берүү мекемеси экологиялык жактан таза жылытуу системалары менен жабдылат, бул өз кезегинде Бишкек жана Чүй облусунун 2,3 миллион жашоочусу үчүн абанын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Конокторду тосуп жатып, министр Медер Машиев KOICA менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, агенттиктин Кыргызстандагы экологиялык демилгелерди ишке ашыруудагы салымын жогору баалады. Ошондой эле, долбоор 2025-жылдын аягына чейин иш жүзүндө башталарын кошумчалады.

Корея Республикасынын элчиси Ким Кванджэ Бишкек шаарындагы абанын сапаты маселеси өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын билдирсе, KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Соен бул долбоор климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташуунун ийгиликтүү мисалы болоорун баса белгиледи.

Тараптар бул долбоор өлкөдөгү экологиялык кырдаалды жакшыртууда жана Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасы ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо стратегиялык мааниге ээ экенин белгилешти.