«Климаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду
10-июль 2026, 10:44
«Климаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 104 Жарлыгы менен «Климаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду.
Бул Мыйзамга кол коюлушу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик климаттык саясатын өнүктүрүүдөгү жана климаттык чараларды ишке ашыруу үчүн заманбап укуктук негизди түзүүдөгү маанилүү этап болуп саналат. Документ климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдык жөнгө салуунун комплекстүү системасын калыптандырып, климаттык ишмердүүлүктү мамлекеттик башкаруунун узак мөөнөттүү механизмдерин аныктайт.
Мыйзамдын өзгөчө мааниси Кыргыз Республикасынын Париж макулдашуусунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн укуктук негизди түзүүсүндө турат.
Кыргыз Республикасы климаттык ишмердүүлүк чөйрөсүндө мыйзамды кабыл алган Борбордук Азиядагы биринчи өлкө болду. Бул өлкөнүн эл аралык климаттык күн тартибине, туруктуу өнүгүү принциптерине берилгендигин жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык келишимдердин алкагындагы милдеттенмелерин аткарууга умтулуусун тастыктайт.
Мыйзам климаттык башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө багытталган жана төмөнкү багыттар боюнча укуктук механизмдерди карайт: парник газдарынын эмиссияларын кыскартуу; климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине адаптациялоо; климаттык каржылоо механизмдерин өнүктүрүү; көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү; илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү; институционалдык жана кадрдык потенциалды чыңдоо; климаттык технологияларды иштеп чыгуу, киргизүү жана өткөрүп берүү.
Мыйзам долбоору Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын техникалык жана эксперттик колдоосу менен иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары чыгып, алар Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барышты. Аталган министрлик климаттык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана өлкөнүн климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарууну координациялоочу улуттук орган болуп саналат.
Мыйзамдын кабыл алынышы Министрликтин климаттык жөнгө салуунун улуттук системасын калыптандыруу боюнча жүргүзгөн ырааттуу ишинин жыйынтыгы болуп калды. Министрлик тарабынан мыйзам долбоорунун концептуалдык жоболорун иштеп чыгуу, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу, эл аралык өнөктөштөр, эксперттик коомчулук жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен консультацияларды өткөрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү.
Мыйзам 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Анын жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө тийиш.