Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы чыгарылды

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы чыгарылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы чыгарылды


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыктары боюнча кеңешме өткөрүлдү.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.А. Машиев, министрдин биринчи орун басары Б. Жусупбеков, министрдин орун басарлары А. Мусаев, А. Раимкулова, М. Жусупбеков, министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери жана региондордогу башкармалыктардын, ошондой эле Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык жетекчилери катышты.


Кеңешменин жүрүшүндө министр М.А. Машиев өз сөзүндө министрликтин негизги максаты — жаратылышты жана экологияны сактоо менен катар өлкөнүн экономикалык өсүшүнө салым кошуу, элдин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган экологиялык саясатты ишке ашыруу экенин баса белгиледи.


Негизги жетишкендиктер боюнча министрдин биринчи орун басары Б. Жусупбеков доклад жасап, анда региондордун ишине жана чарбалык субъекттерден түшкөн төлөмдөрдүн көрсөткүчтөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.


Анын маалыматына ылайык, 2024-жылдын тогуз айында 1 764 чарба жүргүзүүчү субъектке 414 млн 761 миң сомго чегерүү жүргүзүлгөн болсо, 2025-жылдын ошол эле мезгилинде 2 768 субъектке 785 млн 232 миң сомго чегерүү жүргүзүлүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1 004 субъектке жана 370 млн 470 миң сомго көбөйгөн.


Министр М. Машиев аймактардагы төлөмдөрдү жыйноо иштерин күчөтүү, жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз иш алып баруу маанилүү экенин белгиледи. Ал ошондой эле бул төлөмдөр министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана ишмердүүлүктү жакшыртууга өбөлгө болуп жатканын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге бул тармакты жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбага таянып, төлөмдөрдү жыйноо жана көзөмөлдөө системасын санариптештирүү зарылдыгына токтолду.


Тоо-кен жана геология тармагы боюнча министрдин орун басары, Кыргыз геология кызматынын директору М. Жусупбеков бул тармактагы жыйынтыктар боюнча маалымат берди. Анын айтымында, 2025-жылдын тогуз айында өлкө боюнча алтын өндүрүү көлөмү 17 тоннаны, көмүр өндүрүү 2,3 миллион тоннаны түздү. Ал эми 2021–2025-жылдар аралыгында тоо-кен ишканалары тарабынан мамлекеттик бюджетке 191 миллиард сомдон ашык салыктар жана төлөмдөр которулган. Жер казынасын пайдалануу боюнча лицензиялардын жалпы саны 2005ке жетип, анын 103ү мамлекеттик ишканаларга берилген.


Кеңешме сунуштар, пикирлер жана талкуулар менен жыйынтыкталды.