Минск шаарында Жер казынасын геологиялык чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин XXIX сессиясынын жыйынтыгы чыгарылды.

Чүй өрөөнү
Минск шаарында Жер казынасын геологиялык чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин XXIX сессиясынын жыйынтыгы чыгарылды.

Сессиянын ишине Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү, Армения (видеоконференция режими аркылуу), Беларусь, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан жана Өзбекстандын геологиялык кызматтарынын өкүлдөрү, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө КМШга катышкан мамлекеттердин геологиялык кызматтары тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыктары талкууланды. Тактап айтканда, 2025-жылдын сентябрь айынан 2026-жылдын сентябрь айына чейинки мезгилде Өкмөттөр аралык кеңештин XXVIII сессиясынын чечимдерин аткаруунун жүрүшү каралды.

Мындан тышкары, КМШга катышкан мамлекеттердин жер казынасын геологиялык чалгындоо, пайдалануу жана коргоо жаатындагы 2023–2030-жылдарга карата Биргелешкен иштердин келечектүү планын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Сессиянын алкагында геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, ошондой эле геология тармагындагы мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер каралды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, алар КМШга катышкан мамлекеттердин жер казынасын геологиялык чалгындоо, пайдалануу жана коргоо жаатындагы өз ара кызматташтыгын мындан ары чыңдоого, тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана биргелешкен милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууга багытталды.


Өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги XXX сессиясын 2027-жылдын экинчи жарымында Россия Федерациясында өткөрүү пландалууда.