Байтик айыл өкмөтүндөгү бак отургузуу: Жаратылыш ресурстар министрлигинин «Жашыл мурас» демилгесине кошкон салымы
07-апрель 2025, 09:18
Чүй өрөөнү

Министрдин биринчи орун басары К. Касейиновдун жетечилиги астында, Байтик айыл өкмөтүндө «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында жашылдандыруу иш-чарасы өттү.
Жаратылыш ресурстар министрлиги иш-чараны терек көчөттөрү менен камсыз кылып, алар эми жергиликтүү көчөлөрдү кооздойт.
Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана министрликтин өкүлдөрү 200 түп жаш бак отургузушту. Экологдордун айтымында, теректер экологиялык абалды жакшыртуу менен катар, чаңдуу бороон-чапкындарга каршы күрөшүүдө да маанилүү ролду ойнойт. Бул — аймак үчүн өзгөчө маанилүү.
Жаңы отургузулган жашыл аянттарга андан аркы кам көрүүнү Байтик жашыл чарбасы өз мойнуна алат. Адистер бактардын жерге көнүүсүнө көз салып, сугаруу жана зыянкечтерден коргоо иштерин жүргүзүшөт.
«Жашылдандыруу — биздин иштерибиздин негизги багыттарынын бири. Биз өлкөнүн жашыл фондун калыбына келтирүү демилгелерин колдоону улантабыз жана жарандарды табиятка аяр мамиле кылууга чакырабыз», — деп билдиришти министрликтен.
Байтик айыл өкмөтүндөгү акция — Кыргызстандын таза жана дени сак келечегине карай дагы бир кадам.