Министр М.Машиевдин Токой чарбасы кызматкерлеринин күнү менен куттуктоо сөзү

Чүй өрөөнү
Министр М.Машиевдин   Токой чарбасы кызматкерлеринин күнү менен куттуктоо сөзү

Урматтуу кесиптештер, токой тармагынын ардагерлери, токойчулар, экологдор жана жашоосу менен эмгеги токой менен тыгыз байланышкан жарандар!

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атынан сиздерди — Токой чарбасы кызматкерлеринин күнү, кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн — өлкөбүздүн токой байлыктарын сактоо, калыбына келтирүү жана натыйжалуу пайдалануу үчүн күнү-түнү эмгектенип жаткан сиздердин аракеттериңиздерге болгон терең ыраазычылыгыбызды жана урматыбызды билдирүүгө мыкты учур.

Кыргызстандын токойлору — бул биздин мекенибиздин жашыл өпкөсү гана эмес, биологиялык ар түрдүүлүктүн булагы, климаттын туруктуулугуна жана келечек муундардын жыргалчылыгына өбөлгө түзгөн баа жеткис байлык. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн, жаратылышка болгон сүйүүңүздөрдүн жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздердин аркасында өлкөбүздүн уникалдуу токой экосистемалары сакталып, токойлорду калыбына келтирүү, өрттөрдөн жана мыйзамсыз кыюулардан коргоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө тармагыбыздын алдында чоң милдеттер турат: токой фондун башкарууда заманбап ыкмаларды киргизүү, региондордун туруктуу өнүгүүсүндө токойлордун ролун жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө активдүү катышуу. Бул сыноолорго татыктуу жооп берип, Кыргызстандын жашыл байлыгын сактап жана көбөйтө алабыз деп ишенем.

Айрыкча ыраазычылык сөздөрүбүздү токой тармагынын ардагерлерине арнайм. Сиздердин тажрыйбаңыз жана ишке болгон берилгениңиздер жаш адистер үчүн чыныгы өрнөк болуп саналат.

Урматтуу достор! Бул майрамдык күнү сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, жаңы кесиптик ийгиликтер жана келечекке болгон бекем ишеним каалайм. Жаратылышка кызмат кылган сиздердин асыл ишиңиздер ар дайым өз жемишин берип, Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла берсин!