Министр М. Машиевдин Эл аралык тоолор күнү менен куттуктоосу
11-декабрь 2025, 10:30
Чүй өрөөнү
Урматтуу мекендештер!
Кымбаттуу достор!
Ар жылы 11-декабрда дүйнөлүк коомчулук Эл аралык тоолор күнүн белгилеп, тоолук экосистемалардын улуулугуна жана тоолордо жашап, эмгектенген адамдарга болгон терең сый-урматын көрсөтөт. Кыргызстан үчүн бул майрам өзгөчө мааниге ээ, анткени өлкөбүздүн 94%ын тоолор түзүп, республиканын климатын, суу ресурстарын, биоар түрдүүлүгүн жана экологиялык туруктуулугун аныктап турат.
Тоолуу аймактар – бул биздин табигый гана байлыгыбыз эмес, өнүгүүнүн стратегиялык ресурсу да болуп саналат. Алар бизге таза суу, таза аба, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын кайталангыс түрлөрүн тартуулап, туруктуу туризмди жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул экосистемаларды сактоо – келечек муундар алдындагы жалпы милдетибиз жана жоопкерчилигибиз.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тоолук экосистемаларды коргоо, табигый ресурстарды туруктуу башкаруу, илимий изилдөөлөрдү жана мониторингди өркүндөтүү, ошондой эле экология жана климаттык туруктуулук боюнча эл аралык кызматташууну күчөтүү багытында комплекстүү программаларды ишке ашырууну улантууда.
Бул маанилүү күнү бардык жарандарды табиятка аяр мамиле кылууга, өлкөбүздүн уникалдуу тоолук мурасын сактоого багытталган демилгелерди колдоого жана туруктуу өнүгүүгө өз салымын кошууга чакырам.
Тоолор ар дайым элибиздин күч-кубатынын, тазалыгынын жана биримдигинин символу болуп кала берсин.
Майрамыңыздар менен!
Эл аралык тоолор күнү кут болсун!