Париждеги Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз

Чүй өрөөнү
Париждеги Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз

XXXIII жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында 26-июлдан 11-августка чейин өтүп ага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышты. Алардын ичинен алты спортчу Олимпиада оюндарынын медалдарына ээ болду.  

Алар; 

-Мунарбек Сейитбек уулу-күмүш медальдын ээси,  

-Мээрим Жуманазарова-күмүш медалдын ээси,

- Акжол Махмудов-коло медалдын ээси, 

-Айсулуу Тыныбекова-коло медалдын ээси,

-Жоламан Шаршенбеков-коло медалдын ээси, 

-Үзүр Джусупбековдор болду-коло медалдын ээси.

Жеңишке жеткен бардык спортчуларды  Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев куттуктайт.

Мекенибиздин желеги дагы да болсо бийиктерге желбиреп, мамлекетибиз гүлдөп өнүгө берсин. Сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз.