Трансформатордон май агып, жер кыртышын булгаган ишканага 65 миң сом айып пул салынды

Чүй өрөөнү
Трансформатордон май агып, жер кыртышын булгаган ишканага 65 миң сом айып пул салынды

Трансформатордон май агып, жер кыртышын булгаган ишканага 65 миң сом айып пул салынды.

Бишкек шаарынын тургунунун кайрылуусунун негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ленин районундагы Арча-Бешик конушунун аймагында жайгашкан трансформатордон май агып, анын кесепетинен жер кыртышы булгангандыгы аныкталды.

Аталган факты боюнча мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын бузгандыгы үчүн жергиликтүү ишканалардын бирине Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 65 000 (алтымыш беш миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарды айлана-чөйрөнүн булганышына алып келген фактыларга кайдыгер карабай, мындай учурлар тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүүгө чакырат.