Аламүдүн суусундагы таштандылар боюнча «Бишкекжашылкурулуш» ишканасына эскертме берилди
14-октябрь 2026, 11:02
Аламүдүн суусунун желим бөтөлкөлөргө жана ар кандай таштандыларга толуп, булганып жаткандыгы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасына эскертме берилди.
Эскертменин негизинде ишкана тарабынан Аламүдүн суусунун нугун желим бөтөлкөлөрдөн жана башка таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Министрлик суу объекттеринин булганышына жол бербөө жана айлана-чөйрөнү коргоо багытындагы көзөмөл иштерин улантат. Жарандарды таштандыларды суу жээктерине жана суу объекттерине таштабоого, жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырат.