Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты
22-январь 2026, 15:02
Чүй өрөөнү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунун ишмердүүлүгү менен таанышып, илимий-изилдөө багыттары жана өлкөнүн минералдык-ресурстук потенциалын изилдөөгө кошкон салымы тууралуу маалымат алды.
Министрлик илимий кадрларды даярдоону, фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү колдоп, геология тармагында адистештирилген мекемелер менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган иштерди улантат.