МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жакында ишке киргизиле турган Чүй облусундагы өнөр жай ишканаларынын даярдыгы менен таанышты

Чүй өрөөнү
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жакында ишке киргизиле турган Чүй облусундагы өнөр жай ишканаларынын даярдыгы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында 2024-жылдын 31-августуна карата ишке киргизилиши пландалып жаткан өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда МинКаб Төрагасы облустун бир катар ишканаларына барды, анын ичинде Кемин районундагы клинкер өндүрүүчү заводдо жана “Миронов” кенинде болду.

Жумуш сапардын максаты – Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата пландалган бул объектилердин  ишке киргизүүгө даярдыгын изилдөө болду.

Акылбек Жапаров калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Биз ишканаларыбыздын ийгиликтүү иштеши үчүн бардык шарттарды түзүп, заманбап технологияларды киргизип, продукциянын сапатын жогорулатууга тийишпиз. Чүй облусу өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүү картасында өзүнүн татыктуу ордун ээлеши керек”, – деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары МинКаб Төрагасы “Куттуу-Сай” кенинин иши менен да таанышты.