Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү министрдин орун басары А. К. Раимкулованын жетекчилиги алдында «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн эксперттери жана анын директорунун орун басары Чжанг Чжиын айым менен жолугушту

Чүй өрөөнү

Жолугушууларда долбоорду ишке ашыруунун кийинки этаптары, анын ичинде абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу, абанын сапатын башкаруу системасын өркүндөтүү, Чүй облусундагы 30 мамлекеттик билим берүү мекемесине экологиялык жактан таза жылытуу системаларын киргизүү, ошондой эле окутуу иш-чараларын өткөрүү жана эл аралык тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мындан ары да тыгыз кызматташууну улантууга даяр экендигин билдиришти.