Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык министрлигине караштуу Токтогул токой чарбасынын өкүлдөрү Монголияда өткөн эл аралык “Organic Expo 2026” көргөзмөсүнө катышып, анда Кыргызстандын табыгий токой азыктары тааныштырылды.

Жалал-Абад өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык министрлигине караштуу Токтогул токой чарбасынын өкүлдөрү Монголияда өткөн эл аралык “Organic Expo 2026” көргөзмөсүнө катышып, анда Кыргызстандын табыгий токой азыктары тааныштырылды.

Иш-чара Кыргызстандын Токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулар ассоциациясы (АЛЗК/KAFLU) тарабынан IFAD жана GAFSP фонддорунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Климатка туруктуу органикалык айыл чарба жана токой продукциясын диверсификациялоо жана маркетинг” (ДМСОП) долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Көргөзмөдө келген коноктор жана келечектеги өнөктөштөр Кыргызстандын токой ресурстарынан алынган табигый азыктар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул иш-чарага катышуу Токтогул токой чарбасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири таанытууга, ошондой эле жапайы токой азыктарын эл аралык рыноктордо өнүктүрүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түздү.

Иш сапардын алкагында Монголиянын токой тармагынын өкүлдөрү жана адистери менен жолугушуулар да өткөрүлдү. Тараптар токойлорду туруктуу башкаруу, токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, органикалык багытты өнүктүрүү жана токой азыктарын кошумча наркын жогорулатуу боюнча практикалык ыкмаларды алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Токтогул токой чарбасынын “Organic Expo 2026” көргөзмөсүнө катышуусу Кыргызстандын жапайы токой азыктарын эл аралык деңгээлде жайылтууда, кесиптик байланыштарды кеңейтүүдө жана Кыргызстан менен Монголиянын токой тармактарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо дагы бир маанилүү кадам болду.