Экологияга кам көрүү – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз!

Ысык-Көл өрөөнү
Экологияга кам көрүү – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз!

Аксуу районунун Аксуу айылында жайгашкан ОсОО «Жаз-Трэвел» ишканасы акыр-чикирди сорттоо жана кайра иштетүү жаатында чоң кадам таштап, өзгөчө экологиялык демилге менен коомго үлгү болууда.

Бул жайда салафан, пластик бөтөлкө, баклажкалар сыяктуу таштандылар кайра иштетилип, айлана-чөйрөнү тазалоого жана табиятты коргоого багытталган туруктуу иштер жүрүүдө. ОсОО «Жаз-Трэвелдин» директору Тойчубеков Канат Койчумановичтин айтымында, завод үч жыл мурда ишке берилген, учурда бардык техникалык жабдуулары иштөөгө даяр. Бирок, таштандылардын көлөмүнүн жетишсиздигинен улам ишкана толук кубаттуулукта иштей албай келет.

«Биздин негизги максатыбыз – экологияны сактоо. Элдин аң-сезимин жогорулатып, таштандыларды туура сорттоп, кайра иштетүүгө өткөрүү маданиятын жайылтуу. Мындан тышкары, полигондордо топтолгон таштандылар айлана-чөйрөгө олуттуу зыян алып келүүдө. Бул көйгөйгө каршы биргеликте аракеттенүүбүз керек», – деп белгиледи ишкер Канат Тойчубеков.

Завод азыркы тапта кайра иштетүүчү тармакта чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап турат. Ал таштандыны кайра иштетууго айландыруу менен бирге, жашыл келечекке карай ишенимдүү кадам болуп саналат. Жергиликтүү тургундарга жана жалпы коомчулукка кайрылып, таштандыларды сорттоо маданиятын өнүктүрүү жана бул сыяктуу ишканаларга таштандыларды жеткирүү демилгесин колдоого чакырабыз. Сортировкадан откон Кир келген салафандар 380 градустук мойкадан отуп тааптаза болуп чыгып келип анан дробилкадан отот продукция даяр болот.

ОсОО «Жаз-Трэвел» – экологиялык туруктуулук жолунда!