Санариптештирилген Улуттук атластын онлайн версиясынын презентациясы

Чүй өрөөнү
Санариптештирилген Улуттук атластын онлайн версиясынын презентациясы

Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшү орточо дүйнөлүк көрсөткүчтөн эки эсе тездеп жатат бүгүн БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП) тарабынан жарыяланган айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү тууралуу жаңы Атлас климаттын өзгөрүшү Кыргыз Республикасында дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн эки эсе ылдам жүрүп жатканын көрсөттү. Бул суу тартыштыгынын күчөшүнө жана жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келүүдө.


Кыргыз Республикасынын жаратылыш ландшафттары жана экосистемалары тездик менен өзгөрүп жатканына карабастан, жаратылышты коргоо боюнча аракеттердин оң натыйжалары байкалууда. Спутниктен алынган акыркы маалыматтарга негизделген Атласта келтирилген маалыматтарга ылайык, 1960-2023-жылдар аралыгында өлкөдө жылдык орточо температура 1,2°C көтөрүлгөн, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүч болгон 0,6°C караганда эки эсе жогору. Ал эми алдыдагы ондогон жылдарда бул көрсөткүч мындан да ылдам өсүшү күтүлүүдө. Температуранын жогорулашы дарыялардын агымын азайтып, ошол эле учурда суу керектөө көлөмүнүн өсүшүнө алып келет.


Атлас көрсөткөндөй, климатка ылайыкташуу саясатын активдүү жүргүзүү зарыл. Бул үчүн сугаттагы жоготууларды кыскартуу, өзгөчө кырдаалдар боюнча эрте эскертүү тутумдарын бекемдөө жана жайыттарды башкарууну жакшыртуу керек. Учурда өлкөдөгү жайыттардын 70%ы деградацияга учураган деп бааланууда.


“Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүнүн таасирине түздөн-түз кабылган өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат”, – деди ЮНЕПтин Европа кеңсесинин директору Арнольд Крайльхубер. “Атласта камтылган кеңири маалымат базасы өлкөгө айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана аны туруктуу башкарууга көмөк көрсөтөт”.


Суу ресурстары жана жаратылыш кырсыктары


Суу ресурстары Кыргыз Республикасындагы эң маанилүү, бирок климаттын өзгөрүшүнө эң алсыз компоненттердин бири болуп саналат. Өлкөдө электр энергиясынын 93%ы гидроэлектростанцияларда өндүрүлөт. Ал эми климаттын өзгөрүшү жаан-чачындын азайышына, кар катмарынын өзгөрүшүнө жана мөңгүлөрдүн эришине алып келип, жакынкы 30 жыл ичинде суу сактагычтарга кирүүчү суунун көлөмү кескин төмөндөшү мүмкүн.


Мисалы, Кыргызстандын негизги гидроэнергетикалык булагы болгон Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү 2050-жылга чейин 18,8% азайышы күтүлүүдө. Бул гидротурбиналарды айлантуучу суунун көлөмү кыскарарын жана электр энергиясын өндүрүү кыйындашын түшүндүрөт.


Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшү жаратылыш кырсыктарынын жыштыгын жана күчүн жогорулатууда. Кыргызстанда жыл сайын орточо эсеп менен 200гө жакын өзгөчө кырдаал катталат, алардын 90%ы жаратылыш мүнөзүнө ээ – сел, жер титирөө, көчкү, таш кулоо жана кар көчкүлөрү. 2022-жылы жаратылыш кырсыктарынын айынан 150гө жакын адам каза болгон, ал эми 2012-2018-жылдар аралыгындагы орточо жылдык экономикалык чыгым 27 миллион АКШ долларын түзгөн.


Кыргыз Республикасы ири дарыялардын башында жайгашкандыктан, суу ресурстарын башкаруу жана трансчек аралык кызматташуу бүтүндөй аймак үчүн өтө маанилүү.


Токой чарбасындагы жана жапайы жаратылышты коргоодогу ийгиликтер


Климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө карабастан, өлкө айлана-чөйрөнү коргоо жаатында олуттуу жетишкендиктерге жетишти. 2000-жылдан бери Кыргыз Республикасында токойлордун аянты 6,2%дан 6,9%га чейин өстү. Бул бийик тоолуу өлкө үчүн татаал милдет болгонун эске алганда, олуттуу жетишкендик болуп эсептелет.


2000-жылы өлкөдө корголуучу аймактардын аянты 0,5 миллион гектар болсо, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 1,5 миллион гектарга жетти. 2040-жылга чейин бул аймактарды өлкө аймагынын 10%ына чейин кеңейтүү жана Кызыл китепке кирген түрлөрдүн 60-65%ын коргоо пландалууда.


Мындан тышкары, өлкөдөгү бардык токойлор коммерциялык максатта кыюуга мыйзам тарабынан корголгон. Ал эми Хан-Теңири жаратылыш паркы түзүлгөндөн кийин Борбордук Теңир-Тоодо илбирстер байырлаган коргоо аймагы 40%га көбөйдү.


Экологиялык артыкчылыктарды колдоо


Атлас алты он жылдыкты камтыган маалыматтар топтомун өзүнө камтыйт жана ал глобалдык, аймактык жана улуттук мекемелерден алынган маалыматтардын негизинде түзүлгөн. Бул маалыматтар бардык каалоочулар үчүн ачык жеткиликтүү болот.


Атлас чөлкөмдөгү климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүк жана жердин деградациясы тууралуу үч Рио-де-Жанейро конвенциясынын максаттарына жана Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын (ТӨМ) 6- жана 15-буйруктарына байланыштуу кеңири маалыматтарды камтыйт.


Бул долбоор Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мамлекеттик мекемелери тарабынан консультациялар, маалымат алмашуу, геомаалыматтык система (ГИС) боюнча эксперттерди окутуу жана техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу ишке ашырылды.


ЮНЕП бул долбоорду Москва мамлекеттик университети жана Орусия Илимдер академиясынын География институту менен биргеликте, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырды. Долбоор ошондой эле Тажикстан менен Өзбекстанды да камтыйт, алардын Атластары жакынкы айларда жарыяланат.


Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүнүн өзгөрүшү боюнча Атластын көчүрмөсүн бул жерден жүктөп алсаңыз болот.


Маалымат үчүн:


БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП) – бул дүйнөдөгү алдыңкы экологиялык уюм. ЮНЕП айлана-чөйрөнү коргоо боюнча лидерликти камсыз кылып, өнөктөштүктү өнүктүрүү аркылуу азыркы жана келечектеги муундардын жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшөт