Сокулук районундагы таштанды маселеси боюнча чаралар көрүлдү
19-август 2025, 15:31
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан интернет булактарына чыккан Сокулук районундагы Калинина көчөсүндө таштандыларды куйуп жатканы тууралуу видеонун негизинде жеринде текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз таштанды жайгаштыруу фактысы тастыкталды. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 212-беренесине ылайык «Таза Айыл» муниципалдык ишканасына 23 000 (жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана чарба субъектилерин айлана-чөйрөнү булгабоого, таштандыларды мыйзамдуу тартипте утилдештирүүгө жана экологиялык талаптарды так аткарууга чакырат.