Аң уулоо эрежелерин бузган жана айлана-чөйрөгө зыян келтирген жарандарга карата мыйзамдык чаралар көрүлдү
07-ноябрь 2025, 12:09
Чүй өрөөнү
Аң уулоо эрежелерин бузган жана айлана-чөйрөгө зыян келтирген жарандарга карата мыйзамдык чаралар көрүлдү
2025-жылдын 6-ноябрында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн егери жана Набу уюмунун “Барс” тобунун кызматкерлери менен биргеликте рейддик иш-чараларды жүргүзүштү.
Рейддин жүрүшүндө Ноокат районунун Чили-Сай участкасында аң уулоо эрежелерин бузган төрт жаран кармалып, аларга КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесинин негизинде ар бири 12 500 сомдон 50 000 сомго чейин айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзамсыз түрдө 8 баш кекилик атылгандыгы аныкталып, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 16 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Ошондой эле рейд маалында башка мергенчилерге да аң уулоо эрежелерин сактоо жана жапайы жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, Ош шаарынын Сүрөттүү-Таш участкасында белгисиз жаран тарабынан белгиленбеген жерге таштандыларды таштап, өрттөө фактысы аныкталды. Аталган жаранга карата КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-пунктуна ылайык 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.