Ысык-Көлдө уруксат кагаздары жок иштеп жаткан теплоход боюнча чаралар көрүлдү
14-июль 2025, 09:17
2025-жылдын 12-июлунда интернет булактарында жарыяланган видеоматериалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Тамчы айылынын жээгинде туристтик эс алуу ишмердүүлүгүнө байланыштуу текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүгө транспорттук көзөмөл инспекторлору, экотурмилиция кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү уруксат кагаздары жок иш алып барган теплоход аныкталды.
Мыйзам бузуулар боюнча транспорттук көзөмөл инспекторлору тарабынан 5500 (беш миң беш жүз) сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Теплоходдун ээси буга чейин уруксат кагаздарынын жоктугунан иш жүргүзбөгөнүн, учурда документтерди алуу жараяны жүрүп жатканын жана уруксат алынгандан кийин гана иш баштоону пландап жатканын түшүндүрдү.
Ошондой эле, ал теплоход эс алуу зонасынан чыгарыларын маалымдады.