Кызыл китепке кирген жаныбарды кармоо фактысы боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү

Чүй өрөөнү
Кызыл китепке кирген жаныбарды кармоо фактысы боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы интернет булактарында тараган видео материалга байланыштуу ыкчам чараларды көрдү. Видеодо Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген жапайы жаныбар — бутсуз кескелдирик (желтопузик) жаран тарабынан кармалганы көрсөтүлгөн.

Бул факт боюнча башкармалык тиешелүү жаран менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык административдик айып салды. Жаран жаныбарга зыян келтирбегенин жана аны кайра жаратылышка кое бергенин тастыктап, жазуу түрүндө түшүнүк кат тапшырды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жапайы жаныбарларды, өзгөчө Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген түрлөрүн кармоо, алып жүрүү же аларга зыян келтирүү мыйзам бузуу болуп эсептелерин эскертет. Мындай учурлар кайталанбашы үчүн коомчулукту жаратылышка кылдат мамиле кылууга чакырабыз.