Ысык-Көл жээгин тазалоо боюнча көрүлгөн чаралар
20-август 2025, 10:45
Ысык-Көл жээгин тазалоо боюнча көрүлгөн чаралар
Ысык-Көл жээгинде таштандынын көбөйүп кетишине байланыштуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, экологиялык милициянын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык кызматтарынын жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кирген атайын мобилдик топтор түзүлдү. Бул топтор жээк тилкесинде рейддерди активдүү жүргүзө баштады.
Эки күндүн ичинде эле 14 таштанды чогулган участок аныкталып, 63 протокол түзүлүп, 49 акт толтурулду. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 114 жана 115-беренелерине ылайык жалпы көлөмү 320 миң сом айып салынды. Бул көрсөткүчтөр маселени чечүүдө чечкиндүү чараларды көрүүнүн зарылдыгын айгинелейт.
Мындан тышкары, Балыкчы шаарынын мэриясы санитардык кызматтар жана Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын экологиялык жана техникалык көзөмөл инспекторлору менен биргеликте жээктеги объекттердин санитардык абалын текшерди. Рейддин жүрүшүндө Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан жеке жактарга карата Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 6 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 33 миң сом айып салынды.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бардык жарандарды жана эс алуучуларды Ысык-Көлдү сактоого чакырат!
Эрежелерди сактабаган ар бир жаран катуу жоопкерчиликке тартылат.
Ысык-Көл — биздин жалпы улуттук байлыгыбыз. Анын келечектеги абалы толугу менен өзүбүздөн көз каранды.