Кыргызстандын климаттык каржылоо жаатындагы приоритеттери

Чүй өрөөнү
Кыргызстандын климаттык каржылоо жаатындагы приоритеттери
Кыргызстандын климаттык каржылоо жаатындагы приоритеттери


2026-жылдын июнь айынын аягында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги (ЖРЭТКМ) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору (ККБ) Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) GmbH уюму менен биргеликте «Глобалдык тенденциялардын жана артыкчылыктардын алкагында Кыргызстандын климаттык каржылоону мобилизациялоо боюнча улуттук артыкчылыктары» аттуу иш-чара өткөрүштү. 
Иш-чаранын алкагында «Кыргызстандын климаттык каржылоону башкаруу процесстериндеги потенциалын чыңдоо жана сапаттуу долбоорлорду даярдоо» долбоорунун расмий жабылыш аземи да болуп өттү. Бул долбоор Жашыл климаттык фондунун (ЖКФ) Даярдык жана даярдоо колдоо программасынын (мындан ары — ЖКФнын Даярдык программасы) алкагында ишке ашырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө долбоордун жетишкендиктери жана тажрыйбасы да сунулду. 


Катышуучулар өлкөдөгү климаттык каржылоонун учурдагы абалын жана анын таасирин талкуулашты, ошондой эле Кыргызстандын эл аралык климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктүгүн жакшыртуу жана каржылык ресурстарды координациялоо механизмдерин өнүктүрүү боюнча аракеттерин карап чыгышты.


Долбоор эки жыл ичинде климаттык каржылоо жаатындагы маалымдуулукту жогорулатуу, климаттык каржылоону тартуу үчүн стратегиялык негиздерди бекемдөө жана өлкөнүн институционалдык даярдыгын жакшыртуу багытында олуттуу натыйжаларга жетишти. Климаттык каржылоону башкаруу боюнча 230дан ашык катышуучу окутулду. Маалыматка жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана климаттык каржылоо процесстерин координациялоону жакшыртуу максатында ЖРЭТКМ, Кыргыз Республикасынын Улуттук ыйгарым укуктуу органы (УЫУО) жана өлкөдөгү ЖКФ боюнча техникалык байланыш түйүнү болуп саналган ККБ үчүн эки санариптик платформа (веб-сайт) түзүлдү. Мындан тышкары, ЖРЭТКМ жана ККБнын веб-сайттарына 40 окуу видео-модулу жайгаштырылып, билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана климаттык каржылоо жаатындагы маалымдуулукту жогорулатууга өбөлгө түздү. 


Долбоор 2024–2026-жылдары Жашыл климаттык фондунун Даярдык жана даярдоо колдоо программасынын (Readiness and Preparatory Support Programme) алкагында каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Долбоордун негизги максаты — климаттык каржылоону координациялоо жана ЖКФ үчүн сапаттуу долбоорлорду даярдоо боюнча өлкөнүн потенциалын чыңдоо болгон.


Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбордук Азияда климаттын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен жерди интегративдүү пайдалануу» регионалдык программасы ЖКФнын Даярдык долбоорунун ишке ашыруучу өнөктөшү болгон.