Жаратылыш жана журналисттер

Чүй өрөөнү
Жаратылыш жана журналисттер
Жаратылыш жана журналисттер


Министрлик маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады


2025-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркына таанышуу сапарын уюштуруп, аларды 7-ноябрда белгилене турган Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.


Иш-чара экология, климаттын өзгөрүшү жана жаратылышты коргоо маселелерин талкуулоо форматында өтүп, журналисттер менен Министрликтин өкүлдөрү ортосунда ачык жана мазмундуу диалог болду.


«Климаттын өзгөрүшү — бул биздин өлкөгө гана эмес, дүйнөлүк коомчулукка да олуттуу чакырык. Бул көйгөйдү жеңүү ар бир мамлекеттин жана ар бир жарандың активдүү аракетин талап кылат. Биргелешкен аракет, жоопкерчиликтүү мамиле жана туруктуу диалог гана бизди туруктуу келечекке жеткире алат. Табият — биздин байлыгыбыз, аны сактоо — жалпы милдетибиз», — деп белгиледи министр М. Машиев журналисттерге кайрылган сөзүндө.


Сапардын жүрүшүндө журналисттерге «Чоң-Кемин» паркындагы экосистеманын өзгөчөлүктөрү жана жаратылышты коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу парк директору А. Касмалиев маалымат берди. Катышуучулар парк аймагында ат менен сейилдеп, аймактын табигый көркөм пейзаждарын көрө алышты.


Иш-чарага Министрликтин өнөктөштөрү жана басма сөз кызматтары, ошондой эле төмөнкү медиа жана уюмдардын өкүлдөрү катышты: «Кабар» маалымат агенттиги, «Жибек Жолу», Регион ТВ, New TV, ЭЛТР, «Вечерний Бишкек», Абал KG, 24.kg, «Мувгрин» уюму, «Ак илбирсти коргоо фонду», «Юнисон Групп», ошондой эле министрликке караштуу мекемелердин социалдык тармактар боюнча адистери.


Министрлик журналисттерге чакан белектерди тапшырып, кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди. Бул иш-чаранын максаты — маалымат каражаттары менен өз ара кызматташууну бекемдөө, экологиялык аң-сезимди жогорулатуу жана жаратылышты коргоо тармагында коомдук диалогду өнүктүрүү болуп саналат.