Жаратылыш — биздин мурас: адистердин билими — ийгиликтин негизи
26-март 2026, 14:35
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 25–26-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары (ӨКЖА) департаменти тарабынан адистердин квалификациясын жогорулатууга арналган эки күндүк семинар өткөрүлдү.
Анын негизги максаты — коруктардын, парктардын жана башка корголуучу аймактардын кызматкерлерине заманбап илимий усулдарды, инвентаризациялоо тартибин жана туристтик потенциалды баалоо ыкмаларын үйрөтүү болду.
Иш-чаранын ачылышында министрдин орун басары Алмаз Мусаев сөз сүйлөп, экосистеманы сактоодо кадрлардын кесипкөйлүгү чечүүчү мааниге ээ экенин белгиледи. Ал ошондой эле жаратылышты коргоо иштерин санариптештирүү артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.
Программада ӨКЖАларды жана микрокоруктарды түзүүнүн укуктук-техникалык негиздери, көчөттөрдү инвентаризациялоо жана санариптик отчеттуулукту жүргүзүү, туристтик сыйымдуулукту аныктоо, Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдү изилдөөдө мобилдик тиркемелерди колдонуу жана “Жаратылыш жылнаамасынын”сапатын талдоо маселелери камтылды.
Иш-чарага министрликтин өкүлдөрү, ӨКЖА кызматкерлери, илимий адистер, ошондой эле КР Улуттук илимдер академиясынын жана “САМР Ала-Тоо” коомдук фондунун эксперттери катышты.
Өткөрүлгөн семинар жаратылышты коргоо тармагында илимий негизделген ыкмаларды кеңири колдонууга жана адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.