Кыргызстанда мөөнөтү өтүп кеткен пестициддер маселеси бүгүнкү күндө да актуалдуу бойдон калууда. Бул көйгөйдү чечүү максатында Кыргызстанда «Борбор Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес ыкма менен иштетүүнү демонстрациялоо» аттуу долбоор ишке ашырылууда

Чүй өрөөнү
Кыргызстанда мөөнөтү өтүп кеткен пестициддер маселеси бүгүнкү күндө да актуалдуу бойдон калууда. Бул көйгөйдү чечүү максатында Кыргызстанда «Борбор Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес ыкма менен иштетүүнү демонстрациялоо» аттуу долбоор ишке ашырылууда

Кыргызстанда мөөнөтү өтүп кеткен пестициддер маселеси бүгүнкү күндө да актуалдуу бойдон калууда. Бул көйгөйдү чечүү максатында Кыргызстанда «Борбор Азия өлкөлөрүндө ДДТ камтыган калдыктарды термикалык эмес ыкма менен иштетүүнү демонстрациялоо» аттуу долбоор ишке ашырылууда.

Айрым кооптуу заттарды колдонууга ондогон жылдар мурун тыюу салынганына карабастан, алардын кесепеттери айлана-чөйрөгө бүгүнкү күнгө чейин таасирин тийгизип келет жана мамлекеттин, илимий коомчулуктун жана жергиликтүү тургундардын ырааттуу аракеттерин талап кылат.

Мындай көйгөйлөрдүн бири – мөөнөтү өтүп кеткен пестициддер жана туруктуу органикалык булгоочу заттар. Бул заттар топуракта жана жаратылыштын башка компоненттеринде көп жылдар бою сакталып, тирүү организмдерде топтолуп, адамдын ден соолугуна жана экосистемалардын абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ушуга байланыштуу эл аралык коомчулук эң кооптуу туруктуу органикалык булгоочу заттарды колдонууга чектөө киргизүүгө жана аларды пайдаланууну толугу менен токтотууга багытталган бир катар эл аралык келишимдерди кабыл алган. Кыргызстан бул процесстердин активдүү катышуучусу болуп саналат жана химиялык коопсуздук жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча иш-чараларды ырааттуу түрдө жүзөгө ашырып келет.

Өзгөчө көңүл мөөнөтү өтүп кеткен пестициддер сакталган объектилерге жакын жайгашкан калктуу конуштарга бурулат.

Манас шаарында мөөнөтү өтүп кеткен пестициддер жана химиялык заттар маселесине арналган тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү, кызыкдар тараптар, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар мөөнөтү өтүп кеткен пестициддер жана химиялык заттар өткөн доордун мурасы экенин, бирок бул көйгөйдү чечүү бүгүнкү күндө биргелешкен аракеттерди талап кыларын белгилешти. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылууда мамлекеттик органдар, илимий коомчулук, эл аралык уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү тургундардын ролу чоң экендиги айтылды.