Аңчылык тармагындагы көйгөйлөр: Ак-Талаада регионалдык деңгээлдеги жыйын
03-декабрь 2025, 15:15
Чүй өрөөнү
27-ноябрь 2025-жылы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясында Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Нарын регионалдык башкармалыгынын жетекчилиги менен Ак-Талаа районунун жергиликтүү аңчыларынын катышуусунда атайын жыйын өттү.
Жыйында аңчылардын көйгөйлөрү угулуп, ар кандай маселелер талкууланып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, спорттук-ышкыбоздук аңчылыкка байланышкан суроолор көтөрүлүп, табият мыйзамдарын жана Аңчылык эрежелерин сактоонун зарылдыгы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.