Аймактарга автотранспорттон чыккан түтүндүн зыяндуулугун анализдөөчү жабдыктар өткөрүлүп берилди

Чүй өрөөнү
Аймактарга автотранспорттон чыккан түтүндүн зыяндуулугун анализдөөчү жабдыктар  өткөрүлүп берилди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош жана Талас регионалдык башкармалыктарына автотранспорттон чыккан түтүндүн зыяндуулугун анализдөөчү (газоанализатор) жана бөлүнүп чыккан түтүндүн коюулугун өлчөөчү жабдык (дымомер) өткөрүлүп берилди. 


Жабдыктарды экология тармагына жоопту министрдин орун басары А. Раимкулова тапшырды. Өз сөзүндө абанын тазалыгын контролодоо жана сактоо өтө маанилүү экенин баса белгилеп Бишкек шаарында гана эмес, республикабыздын бардык аймагында абанын тазалыгын сактоо маанилүү экенин айта кетти. 

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында, Чүй облусунда, анын ичинде Ош шаарында абанын булганышын азайтуу боюнча иш-аракеттер планы иштелип чыкты. Жакын арада ушундай эле иш-чараларды Жалал-Абадда, Токмокто жана өлкөбүздүн СМОГ байкалган ири шаарларында өткөрүү пландалып жатат.