Мыйзамсыз кармалган жырткыч канаттууларды аныктоо иштери уланууда

Ысык-Көл өрөөнү
Мыйзамсыз кармалган жырткыч канаттууларды аныктоо иштери уланууда

Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору жана  Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын егерлери жана ИИБнын милициясынын  инспектору менен биргеликте мыйзамсыз кармалган жырткыч канаттууларды аныктоо боюнча рейдттик иш-чараларды улантууда.  

Учурда Чоң Ак-Суу капчыгайында рейдттик  иштердин  натыйжасында  Кызыл китепке кирген 4 бүркүт кармалып,  Каракол  шаарында жайгашкан  Бугу-Эне реабилитациялык фондуна акт менен  өткөрүлүп берилди. 

Укук бузуу кодексинин  262-беренесине ылайык 20 миң сом айып пул салынды. 

Бул иш-чара үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. 

Жырткыч канаттууларды мыйзамсыз кармоо жана аларды пайдалануу фактылары аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн жарандарды тез арада 108 ишеним телефонуна билдирүүнү суранабыз.