Өнөр жай коопсуздугу жана кадр тартыштыгы: Акыл Токтобаев Ош регионалдык башкармалыгында жыйын өткөрдү
24-март 2026, 14:16
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаевдин Ош аймагына болгон жумушчу сапарынын алкагында министрликтин Ош регионалдык башкармалыгында жамаат менен жолугушуу өтүп, башкармалыктын артыкчылыктуу милдеттери талкууланды.
Жолугушууда Ош шаары жана Ош облусу боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары каралды. Өнөр жай коопсуздугу багытында министр жазалоочу чаралардан көрө мыйзам бузуулардын алдын алууга басым жасоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өндүрүш объектилерин текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Калдыктарды башкаруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Кара-Суу районунда катуу тиричилик калдыктарын кабыл алуучу болгону үч гана мыйзамдуу пункт иштеп, бул «таштанды кризисинин» жаралуу коркунучун жаратат. Облус боюнча 33 полигон бар болуп, алардын абалы күчөтүлгөн көзөмөлдү талап кылат. Ошондой эле Ош шаарында толук кандуу канализация системасынын жоктугу экологиялык абалга терс таасирин тийгизип жатканы белгиленди.
Министр тар тармактагы адистердин жетишсиздигин, анын ичинде чыгындыларды эсептөө боюнча эксперттер жана экологиялык мониторинг кызматкерлеринин тартыштыгын баса белгиледи. Бишкек шаары менен тажрыйба алмашууну жана инспекторлордун штаттык санын көбөйтүү маселеси коюлду.
2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттар катары жаратылыш парктарынын инфраструктурасын өнүктүрүү, экологиялык мониторингди күчөтүү жана чыгындыларды көзөмөлдөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүү аныкталды.
«Инспектордун иши — бул жөн гана айып пул салуу эмес, бул биринчи кезекте алдын алуу жана кесипкөй экспертиза. Экономиканын өнүгүүсү экологиялык коопсуздукка каршы келбеши үчүн кадр маселесин ыкчам чечишибиз керек», — деп белгиледи Акыл Токтобаев.
2025-жылдын январь–декабрь айларында ЭТКК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата 129 текшерүү жүргүзүлүп, 435 мыйзам бузуу аныкталган. Алардын 340 жоюлуп, 69 факт боюнча көрсөтмөлөр берилген. Жалпысынан 48 укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 800 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Мындан тышкары, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнүн 48 фактысы аныкталып, 5 909 700 сом суммасында доо коюлган. Анын ичинен 33 материал боюнча 6 448 000 сом өндүрүлгөн.
Кызмат өлкө аймагында экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча ишин улантууда.