Кызыл китепке кирген кызыл колтук бакасын мыйзамсыз сатууга каршы рейд өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Кызыл китепке кирген кызыл колтук бакасын мыйзамсыз сатууга каршы рейд өткөрүлдү

2025-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн инспектору, Кызматтын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору Ички иштер органдары менен биргеликте Бишкек шаарындагы Ош базарында кызыл колтук бакасын мыйзамсыз сатууга каршы багытталган рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддин негизги максаты – Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген жана жоголуу коркунучунда турган кызыл колтук бакасын (башкача айтканда, Борбор Азия бакасы) мыйзамсыз кармоо,сактоо жана сатуунун алдын алуу болуп саналат.

Кызыл колтук бака башка бакаларга салыштырмалуу денеси кичирээк келип, чоңдору 8 смге чейин жетет. Бул жаныбарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жаратылышта кармоого, ташууга жана сатууга тыюу салынган.

Белгилей кетсек, рейддин жүрүшүндө мыйзам бузуу фактылары аныкталган жок, бирок мындай иш-чаралар алдын алуу жана калкка маалымат берүү максатында туруктуу негизде улантылат.

Бүгүнкү күндө мыйзамсыз кармоо жана сатуу фактылары үчүн жеке жарандарга 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин, юридикалык жактарга 65 мин сомго чейин айып пул каралган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2013-жылдын 13-майындагы №224 Токтомунун негизинде 10 миң сом доо коюлат.