Суу Бүркүттүн өлүмү тууралуу маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Чүй өрөөнү
Суу Бүркүттүн өлүмү тууралуу маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлдү
Суу Бүркүттүн өлүмү тууралуу маалымат боюнча текшерүү жүргүзүлдү


Социалдык тармактарда тараган суу бүркүттүн өлүмү тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы чара көрдү.


Маалыматта көрсөтүлгөн аймакка Чүй регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн аңчысы С. Нурмолдоев ошондой эле NABU коомдук уюмунун кызматкерлери менен биргеликте чыгышты.


Жерине барган учурда аймак толугу менен текшерилип, изилденди. Бирок көрсөтүлгөн жерде бүркүттүн өлүгү же канаттуунун кандайдыр бир калдыктары табылган жок.


Чүй регионалдык башкармалыгы жаратылыш объектилерин жана жапайы жаныбарларды коргоо багытындагы иштерди мындан ары да күчөтүлгөн тартипте улантаарын билдирет. Жарандарды такталган маалыматтарды гана таратууга жана күмөндүү учурларда тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылууга чакырабыз.