Миң-Кушта болгон кырсыкка байланыштуу жеринде текшерүү жүрдү

Нарын өрөөнү
Миң-Кушта болгон кырсыкка байланыштуу жеринде текшерүү жүрдү
2025-жылдын 6-июлунда Жумгал районунун Миң-Куш көмүр кенинин Как участкасында "Минерал Прайм" ЖЧКсынын аймагында тоо көчкү кырсыгы катталгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасынын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан ведомстволук комиссия түзүлдү.


2025-жылдын 12-июлунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Джусупбеков Болот комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте кырсык болгон аймакка барып, жеринен иликтөө иштерин жүргүздү. 


Иликтөөнүн жүрүшүндө тоо көчкүнүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында ишкананын кызматкерлери менен сурамжылоо жүргүзүлүп, тиешелүү документтер каралды. Ошондой эле, атмосфералык аба, жер кыртышы жана суу булактарынан лабораториялык анализдер үчүн үлгүлөр алынды.


Комиссия иликтөөнүн жана алынган анализдердин жыйынтыгы боюнча жакынкы күндөрү чечим чыгара турганын билдирди.


Белгилей кетсек, мындан мурда, 2025-жылдын февраль жана апрель айларында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгы тарабынан “Минерал Прайм” ЖЧКсына пландуу жана контролдук текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында ишканада кооптуу өндүрүш объектисинде коопсуздук талаптары эске алынбастан иш жүргүзүлүп жатканы аныкталып, ишканага 199 000 сом өлчөмүндө айып салынган жана көмүр казуу иштери убактылуу токтотулган.