Россия Федерациясынын Жер казынасын пайдалануу боюнча федералдык агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
01-апрель 2024, 18:00
2024-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматы менен Россия Федерациясынын жер казынасын пайдалануу боюнча Федералдык агенттигинин ортосунда жер казынасын геологиялык изилдөө жаатында кызматташууну координациялоо боюнча Жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү.
"Росгеолфонд" федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин, "Росгеолекспертиза" АНОнун "Жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу жаатындагы алдыңкы тажрыйбанын эл аралык борборунун" өкүлдөрү.
АКБ өкүлдөрү жер казынасын пайдалануу процесстерин санариптештирүү жана бул багытта мыйзамдык базаны жакшыртуу, ошондой эле Россия Федерациясындагы пайдалуу кендердин запастарын эсептөө системасы жаатындагы ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасы жер казынасын пайдалануудагы Геология процесстерин санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чараларды көрүп жатат жана россиялык тажрыйбаны биздин өлкөдө ыңгайлаштыруу мүмкүнчүлүгүн карайт