Мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддик иш-чаралар өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
Мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддик иш-чаралар өткөрүлдү

Токойлорду мыйзамсыз кыюудан, мыйзамсыз аңчылыктан жана браконьерликтен коргоо максатында 2025-жылдын 20–21-декабрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан Чүй, Ысык-Ата, Сокулук, Москва жана Жайыл райондорунун аймактарында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылыкты аныктоо жана алдын алуу боюнча көзөмөл жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузган бир катар фактылар аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык 3 протокол түзүлүп, укук бузгандарга жалпы суммасы 37 500 сом айып пул салынды.

Аталган иш-чаралар жапайы жаратылышты коргоого, браконьерликке бөгөт коюуга, экологиялык мыйзамдардын сакталышын камсыз кылууга, ошондой эле жарандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган.

Мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.