Браконьерликке каршы рейд жүргүзүлдү

Ысык-Көл өрөөнү
Браконьерликке каршы рейд жүргүзүлдү

2025-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Тоң райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте КР Президентинин 2023-жылдын 10-июнундагы №172 Жарлыгын аткаруу максатында браконьерликке каршы рейддик иш-чара өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө көлгө мыйзамсыз ташталган узундугу 500 метрди түзгөн кытай синтетикалык торлор алынып, айлана-чөйрөгө келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу чаралары көрүлдү.

Видео