Экологиялык талаптардын сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү
28-август 2025, 11:50
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Түндүк айланма жолунун курулуш иштеринде экологиялык талаптардын жана нормалардын сакталышын көзөмөлдө максатында рейддик иш-чара жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 3-бөлүгүнө ылайык, жарандарга карата 2 протокол түзүлүп, жалпы 13 000 (он үч миң) сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Ошондой эле, жолду оңдоо жана кеңейтүү иштеринин алкагында кыйылган бактар боюнча Чайна Роад компаниясы тарабынан тиешелүү уруксат кагаздары көрсөтүлүп, мыйзамдуу аракеттер тастыкталды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы өз ишмердүүлүгүн экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана айлана-чөйрөгө келтирилүүчү терс таасирлерди азайтууга багыттап, ушул сыяктуу текшерүүлөрдү мындан ары да уланта тургандыгын билдирет.
Айланма жолду ремонттоо учурунда чаң басуу үчүн суу чачуу тынымсыз жүргүзүлүп жатканы аныкталды.